www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Салмагың кандай саясатчы?
Дал ушундай рубриканын негизинде Кыргызстандын саясатында мамлекеттик жана коомдук иштерге активдүү аралашып жүргөн саясатчылардын, мамлекеттик ишмерлердин бейнеси тууралуу кыскача сүртүмдөрдөн берип туралы дедик. Бул жолку каарманыбыз – Тайырбек Сарпашев.
Саясатта аты чыгып, төбөсү элге көрүнгөн Тайырбек Сарпашев учурунда Жогорку Кеңештин депутаты, вице-премьер-министр сыяктуу бир топ үлкөн кызматтарды аркалады. Өзгөчө жылдызы Алмазбек Атамбаевдин учурунда жанды.
Тилекке каршы, Сооронбай Жээнбековдун бийликке келиши менен ооматы кетти. Кылмыш иши козголуп, сотто сүйрөлдү. Андан кийин азыркы бийликтин тушунда камалып чыкты. Бир катар мүлкү конфискацияланды. Айтор, мээнет чырмады.
Кыскасы, кел-кели келип, ити чөп жеген учурду дагы, башына сыноо түшүп өтүгү менен суу кечкен учурду дагы башынан кечирди. Ким дос, ким кас экенин жакшы ажыратып тааныды.
Эми болсо, ар бир баскан изинен жаңылып калбайын деп, көлөкөсүнөн сактанып тынч. Кудум орус жазуучусу Антон Чеховдун “Кутудагы киши” аңгемесинин каарманындай образда күн кечирип жаткан кербези.