www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Батыштын Россияга каршы санкциялары өз маанисин толук жоготуп, жөн гана формалдуулукка айланды, деп жазат түрк басылмасы Aydınlık, экономист Серхат Латифоглунун пикирин шилтеме кылып жазып чыкты.
«Россияга каршы тарыхтагы эң кеңири санкциялар киргизилген — алардын саны ондогон миңге жетет. Ар жума сайын жаңылары кошулуп жатат, бирок мунун эч кандай пайдасы жок. Батыш бул чараларды ашыкча фанатик неолибералдарын ыраазы кылуу үчүн гана формалдуу түрдө улантып жатат. Бул чаралардын азыр эч кандай баалуулугу калган жок”.
«Россия менен банк системасы дээрлик толугу менен жабылган, соода эми ортомчулар аркылуу жүргүзүлүүдө. Башында алар Россия менен түз сооданын жолдорун тосушкан, эми болсо Иранга болгон кысымды күчөтүшүүдө. Бул маселе боюнча артка чегинүүгө болбойт. Бизге Иран жана Россия аркылуу келген арзан нефть керек», — деп баса белгиледи аналитик.
Мурда РИА Новости агенттигине түрк дипломатиялык булагы билдиргендей, АКШ президентинин Россиянын мунайынан баш тартуу чакырыгынан кийин Анкаранын энергетикалык саясаты өзгөргөн эмес, бирок өлкө рынокту диверсификациялоо боюнча активдүү иш жүргүзүүдө.
Россия буга чейин да Батыштын бир нече жыл мурун баштаган жана азыр да күчөтүп жаткан санкциялык басымына туруштук бере аларын бир нече жолу белгилеген. Москва Батыш өлкөлөрү Россия Федерациясына каршы санкциялардын натыйжасыздыгын моюнга алууга кайраттары жетпей жатканын айтып келет. Батыш өлкөлөрүнүн өздөрүндө да антироссиялык санкциялардын натыйжасыздыгы тууралуу пикирлер бир нече жолу айтылган.