www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 28-ноябрда кечки 22:00дө маалымат жыйын өткөрмөк, бирок белгисиз себептерден ал болбой калган.
Ага чейин БШК мүчүлүштүк кетирип, баардык партияларга берилген добуштардын санын төмөндөтүп салганына күбөбүз. Бул көрүнүшкө ар кандай себептер болжолдонуп, бийлик-оппозиция ортосунда кайым айтышуу менен тирешүүлөр токтобой келет.
Эл ичинде түрдүү жоромолдор көп. Мындай шартта министрлер кабинетинин төрагасы, президенттик аппараттын башчысы Акылбек Жапаров башын коңулга катпай, аргументтүү сөздөрүн айтпайт беле? Каршылык көрсөткөн саясый күчтөргө жаман көрүнгүсү келбесе керек. Балким, купуя пландары барбы?
Ал эми президент Садыр Жапаров өлкөдөгү кырдаалга жараша түшүнбөстүктөрдүн алдын алып, интервью берип, кайрылуу жасап, андан тышкары, Фейсбуктагы баракчасынан байма-бай пост жазып, ар кандай провокацияларга, коомчулукту адаштырууга жасалган аракеттерге жооп кылууда.
Акылман элибиз туура кабылдаса керек... Дал ушул эки мисалдан соң кимдин ким экени бааланат да. Мамлекет үчүн иштебеген адамды талдап алса болот бекен?..
Булак: Азия News kg