www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 30-июнда Бишкекке Jazeera Airways авиакомпаниясынын Кувейт – Бишкек каттамы аркылуу Кыргызстандын 102 жараны учуп келди. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган чартердик каттам менен буга чейин Катарда, Египетте жана Малайзияда жүргөн кыргыз жарандары да учуп келишкен. Кувейт тарап менен макулдашуу боюнча алар үчүн чет өлкөлүк жарандардын кирүүсүнө чектөө киргизилген шартта, өлкөгө келүүнүн транзиттик каттамы уюштурулган.

Бардык келген жарандар тиешелүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости