www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кувейттин эмири Сабах аль-Ахмад ас-Сабах 91 жашында көз жумду. Бул тууралуу эмирдин хан сарайы 29-сентябрда кабарлады.

«Кувейт өлкөсүнүн эмири Сабах аль-Ахмад ас-Сабахтын дүйнөдөн кайтканын терең кайгыруу менен жоктоп жатабыз», - деп билдирди телекайрылуусунда өлкөнүн падышалык иштер министри шейх Али Жаррах аль-Сабах.

Белгилей кетсек, Эмирдин ооруп жатканы бир нече айдан бери айтылып жаткан. Ал өткөн жылдан бери бир нече жолу ооруканага түшкөн болчу.

Шейх Сабах Перс булуңундагы мунайга бай, АКШнын өнөктөшү болгон өлкөнү 2006-жылдан бери башкарып келген. Ага чейин 50 жылдан ашык Кувейттин тышкы саясат мекемесин жетектеген. Анын ордуна иниси шейх Наваф аль-Ахмад ас-Сабах эмир болуп калат.

Эске сала кетсек, Кувейттин тарыхындагы эң курч кризис 1990-жылы болгон. Анда ошол кездеги Ирактын диктатору Саддам Хусейн Кувейтке кол салып, өлкөнү жети ай басып турган. 1991-жылы АКШнын аскерлеринин жардамы менен Ирактын баскынчылыгынан өлкө бошонгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости