www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күзөтчү аял UFC уюмунда иштей баштады

Гавайи аралында жашаган күзөтчү аял UFC уюмунда иштөө сунушун кабыл алды. Бул тууралуу уюмдун башчысы Дана Уайт өзүнүн Twitter-аккаунту аркылуу билдирди. 


Эске салсак, ушул жылдын башында, тагыраагы, январь айында UFC уюмунун президенти Дана Уайт дүкөнгө кирип келген ууру менен алышып, бирок ишинен айрылып калган Саммер Тапаса-Сатаракага иш сунуштаган.

Күзөтчүнүн ууру менен алышкан окуясы 2019-жылдын декабрь айында BestBuy аталышындагы электроника дүкөнүндө болгон. Видеого күзөтчү аял товар уурдамакчы болгон кишини түрткүлөп, кармаша кеткени тартылып калган. Кийинчерээк ал компаниянын эрежелерин бузду деп иштен айдалган.

Күзөтчү аялдын жумуштан кетишине нааразы болгон Уайт январь айында аны UFC уюмуна жумушка чакырган. Тапас бул сунушту эми кабыл алып, уюмда иштеп баштамакчы.
Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости