www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус инфекциясы менен күрөш боюнча республикалык штабдын жана Саламаттык сактоо министрлигинин айрым кызмат адамдарынын шалаакылыгына байланыштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) сотко чейинки териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

Мындан тышкары Финполиция дары саткан фармацевтикалык ишканалардын кызыкчылыгын жана мамлекеттик келишимдер үчүн зыяндуу корутундуларды көз көрүнөө эле жактоодогу коррупциялык иш-аракеттер жана мамлекетке ири же өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген мамлекеттик сатып алуу иштери боюнча сотко чейинки териштирүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчылыгы кабарлады.

Катчылык коронавируска каршы күрөштөгү коррупция, шалаакылык боюнча колунда бар маалыматтары менен бөлүшүүнү бардык жарандардан, эксперттерден жана жарандык коомдон өтүнүүдө. Ага ылайык, алынган маалыматтар терең иликтенип, талданат жана Коопсуздук кеңешинин кийинки жыйынына чыгарылат.

Июль айынын башында Кыргызстанда дары-дармек кымбаттап, айрымдары таптакыр табылбай калган. Көпчүлүк адамдар канды суюлтуучу антикоагулянттарга, антибиотиктерге жана вируска каршы дарыларга муктаж болушкан. Финансы полициясы дары-дармектерди кымбат саткан дарыканалар жоопко тартыларын эскертип, айрымдары кармалганын кабарлаган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости