www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбековдун Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кызматкерлери менен жолугушуусунда мамлекеттик чиновниктердин декларациясын кылдат текшерип чыгууну тапшырганы бекеринен эмес тура. Эл катары айлык алганы менен хансарайларда жашап, кымбат унааларды минген аткаминерлердин да бир күнү жели чыгышы керек эле.
Адатынча, декларациясына тигини же муну жашырып киргизбей коюшса, бул шектенүүгө алып келип, темир торго кирип кетишери турган иш. Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев ажонун тапшырмасын биринчи кезекте дал ушул президенттик аппараттын кызматкерлеринен, анан өкмөт аппараты, министрлерден баштай турганын ачык жар салгандан бери Ак үй, Көк үйдөгүлөрдө уйку жок. Өзүңүздөр билесиздер, бизде президенттер, премьер-министрлер алмашат, а бирок, аппарат кызматкерлеринин алмашканын эгерим көргөн эмеспиз.
Дал ушул себептүү да, же аппаратагылардын кесепетинен дейбизби, ким президент же өкмөт башчы болуп келбесин, алыс кете албай, “ажыдаарга” айланып кетип жатышканы жалганбы? Курсагы ток, өз кызыкчылыгын гана ойлогон эски аппаратчиктер керек болсо интриганы баштаса, президенттин өзүн дагы жеп коюшу мүмкүн экенин кечээки тарых тастыктабадыбы. Ошондуктан, Жээнбековдун Коопсуздук кеңешине катуу тапшырма бергени - дал ошондой байып, жеп-ичкенди гана билген арамтамак аппаратчиктерден бийликти тазалоо далалаты экенин билип турабыз. Бул албетте жакшы аракет! Анан барып, Ак үйдөн уккан маалыматыбызга караганда, күзүндө Жээнбеков масштабтуу кадр реформасын баштаганы туруптур.
Чынында күчтүү, эл билген, кадыр-барктуу, патриот жигиттер, кыздар бийликке келе тургандыгы айтылууда. Кошумчалап кете турган нерсе – президенттин аппарат жетекчиси кызматы бош турат. Бул орунга Жээнбеков кимди таптап жатат? Эгер азыркы иш ыргагын алып карасак, ага аппарат жетекчинин деле кереги жок. Себеби, Досалы Эсеналиев орун басар болгонуна карабастан, аппаратты сааттын механизминдей иштетип жатат. Тажрыйбасы бар да.
Булак: “Майдан.кg”