www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

—Арлен мырза, “Арстан” командасынын түзүлүшү, ошону менен бирге Кыргызстандын хоккей боюнча чемпионатынын жалпы ахыбалы, өтүшү, эрежеси, катышкан командалар боюнча айтып берсеӊиз?

—Мен өзүм  улуттук команданын курамында болуп, эки сезон ойнодум. Ал эми “Арстан” командасы 2010-жылы түзүлгөн. Аманбек экөөбүз улуттук командадан тышкары ушул  командада дагы ойнойбуз. Бул команда хоккей боюнча Кыргызстандын күчтүү, алдыӊкы командасы болуп эсептелет. Себеби, биздин команда: 2012-жылдан (2017-жылы гана чемпион болгон эмес, себеби катышкан эмес) 2019-жылга чейин Кыргызстандын чемпиону болгон. Бирок республиканын чемпионаты деп ооз толтуруп айтканыбыз менен деӊгээли төмөн эле болот.

Мисалы, республикалык чемпионат болгону менен Жумгалда жылына өтүп келатканы республикалык турнирдин деӊгээлине жетпей, алда канча төмөн болуп калат. Бул сөзүбүзгө далилдер толтура. Жумгалдагы турнирге 10 -12 команда  команда катышып, эл да  көп келип, сүрөөнгө алышып, оюндун жүрүшүн Бишкектен бери белгилүү ырчылар концерттик программа менен коштошуп, айтор абдан  кызыктуу болот. Эч кандай взнос деген жок. Ысык тамагын да уюштуруп беришет. Байгеси да жакшы. Башкасын айтпаганда да Абтандил Кулбараков байкебиз жылда демөөрчү болуп жарым миллион сомго чейин өз каражатын жумшайт.

Ал турнирге катышкан командалар   жеӊүүчү болсо, болбой калды дегенде  арты 20-30 миӊ сом, алды  70-80 миӊ сомго чейин алышкан учурлар болду. Эми Бишкекте өткөн республикалык чемпионаттын деӊгээлин айталы. Биринчиден, команда аз, санап эле коёлу: “Дордой”, “Хан-Теӊир”, “Бүркүттөр”, биздин “Арстан” командабыз, “Локоматив” анан Жумгалдан да дагы бир команда келип жүрөт, мына ушул эле  командалар катышат.

Экинчиден,  чемпионатты көрөлү деп эл келбейт. Биринчиликти алгандарга 30 миӊ сом жана  200-300 сомдук медалдарды  беришет. Өзүӊдүн кетирген чыгымыӊ  20 миӊден ашат. Чемпион болуп тапкан акчаӊ  болгону 10 миӊ. Ал акча эки жолу машыкканда жок болот. Бул аз келгенсип взноско деп 10-15 миӊ сом төлөтүшөт. Мисалы,Нарында болсо, 10 миӊ сомго машина жалдайсыӊ. Ал жакта чемпионат 3 күнгө созулат, үч күндүк чыгымыӊ жатканыӊ, жеп ичкениӊ ар бир балага күнгө  1000 сом дейли. Ошондо 10 балага 10 миӊ сом. Ошентип жалпы чыгым 30-35 миӊ сомду чапчыйт. Байгеге коюлган акча, мындан тышкары, тартип жок.  Оюндарга калыс боло турган атайын калыстар да жок. Ар бир командадан бирден баланы калыс кылып коюшат. Алар билеби, билбейби ал жагын териштирген эч ким жок. Нааразычылык болуп, ызы-чуу, мушташ менен өткөн учурлар көп эле болду. Бул оюн абдан коркунучтуу оюн болгон соӊ, оюнчулар ар кандай жаракат алып калышат.  Жаракат алып, кулагы канагандар да болду. Ошон үчүн сөзсүз түрдө дарыгерлер көзөмөлдөп турушу керек. Тилекке каршы, “Тез жардамы” жана  дарыгерлер да  жок болот. Федерация республиканын чемпионатын ушундай өз билемдиктер менен эле өткөрүп келатат.  Чемпионаттагы ушундай тескери көрүнүштөрдөн улам оюнга катышып, бир  канча командаларды жеӊип, бирок финалга жетип калганда ар кандай адилетсиздиктен улам “урдум ушундай чемпионатты” – деп оюндан кол шилтеп чыгып кеткендер да болду. Федерация кээ бир учурларда күчтүү командаларды толугу менен катыштырбай койгон учурлары да болду. Мисалы, биздин “Арстан” командасын 1 жылга четтетип койгон. Кийинки жылы биз катышкан жокпуз . Ал жылы азыр федерацияда вице болуп жүргөн Болотбеков Элзардын “Дордой” деген командасын эч кандай ойноттурбай эле автоматтык түрдө чемпион кылып койгон. Чынында бул жагы эми мыйзам бузуу болуп калды. Жакшы даярдыкта “Хан -Теӊири” командасы бар. Алар чемпионаттын кызыгы жок болгондуктан акыркы жылдары катышуудан баш тартып, ойнобой коюшту. “Дордой” командасы чемпион болобуз деп аз эмес акча сарптап,  Канада, Финляндиядан бери легионерлерди алып келишкен.  Бирок биздин жалаӊ кыргыз балдардан турган “Арстан” командасы “Дордойду” ишенген легионерлери менен кошо утуп эле келатабыз.

—Силердин команданы респбуликалык чемпионаттан 1 жыл четтетип койду дедиӊиз. 1 жылдан кийин  чемпионатка  катыштыӊыздарбы?

Катыштык. Бирок бизди катыштырбоо аракетин көрүштү. Бирок башка командалар да өздөрүнүн калыс сөзүн айтышып, биз ойноп кайрадан чемпион болдук.  Чынында Анвар Оморкановдун федерацияда жүргүзүп жаткан иштери ачык эмес. Ага көп оюнчулар каршы. Көп учурда нааразычылыктар айтылса, тил эмизип эле баарыбызды алдап коёт. Бирок сөзү менен иши айкалышпаган жетекчи хоккейди кантип өнүктүрө алат? Мына ушундан эле жыйынтык чыгарсак болот! Омоканов бул кызматтан алынбаса, кыргыз хоккейи өнүгүү жолунда болбойт…

Булак: "Багыт.kg"

Последние новости