www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адатта чиновник кызматтан алынаарда же камалаарда чыр-чатактуу көрүнүштөргө кириптер боло баштайт. Акыркы убакта финполдун башчысы Сыймык Жапыкеев өгөй баладай кодуланып, чын-жалганы аралаш маалыматтардын чабуулунда калды. Негизинен финансылык «ярлыктар», пара алууга байланыштуу кептер го? Иштегенден да актануусу арбып, оргу-баргы ашыкча көп сөз айтып, эки анжы маанай жаратып жүргөн кези.

Жогорку даражадагы жетекчи да ушундай мүнөз күтөбү? Сыягы, жаңы бийлик үчүн команда боло албасы байкалууда. Биздин угушубузга караганда, Жапыкеев көпкө узабай кызматтан алынаары каңкууланды.

Себеби, ал ушу күнгө чейин баш-аяксыз убадаларды берип эле келе жатат. Блогер сымал улам-улам соцтармактан кайрылууларды жасайт. Олигархтарды «кустуруп», миллиондорду төктүрөт имиш. Кыялында кыйратып эле жатат, «виртуалдык» дүйнөдөн түшпөйбү?

А жасаган ишин карай келсең, көңүл жылытаарлык эмес. Баягы эле эски системага эрмешип алып, айгайлаган эле бир пенде. Реалдуу иштердин өтөөсүнө чыга турган, реформа жасачу кадрдын аракети мындай болбош керек эле. Туурабы? Эмесе, Сыймыктын да сый көргөн дооруна жакында чекит коюлганы калды окшойт...

Булак: Азия News гезити

Последние новости