www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улан, сенин сырдуу өлүмүң бүт элибизди солк эттирип эсине келтиргендей болду. Кыска аралыкта сөздүн күчү, коомубузду тумчуктурган коррупция менен күрөш эмне экенин көргөзө алдың. Сендей күчтүү, курч журналист кыргызда жокко эсе экени көрүнүп калды. Сен бүтүндөй жаштарга татыктуу жашоо, өрнөктүү өмүр эмне экенин көргөзүп кеттиң. Эми миңдеген жаштар сендей болууга умтулушат, жасай албай кеткен ишиңи улантууга бел байлашат. Сени жалпы улут жоктоп жатат. Сенин мыкты сапаттарың жөнүндө агы да, карасы да, ыплас турмушка аралашпаган тазасы да, өлкөнү талап-тоноп, сызга отургузган коррупционери да сыздап сүйлөп жатышат. Сен кыргыз мүңкүрөп, коррупционерлер дүркүрөп турган учурда чагылгандай чарт эте чыгып, мүңкүрөгөн элге дем бердиң, ишеним жараттың. Буйурса сен баштаган күрөш улуттук мүнөзгө айланып, кыргыз эли тазалануунун алдында турат. Сен жандырган от өчпөйт! Сенин жаркын элесиң ар дайым элдин эсинде түбөлүккө сакталат! Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун!

Кыяс Молдокасымов, тарыхчы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости