www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору Аравандагы Тургунов атындагы мектеп интернатты текшерип, абалын канааттандырарлык эмес деп баалады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Улуттук борбор балдар интернаттарына тиешелүү талаптар сакталбай, одоно бузулгандыгы аныкталганын билдирди.

Азык-түлүк коопсуздугу боюнча идиш-аяктардын эскилиги жетип, айрым тамак-аштын мөөнөтү өтүп кеткендиги белгилүү болгон. Жашоо шарты начар, даараткана, бөлмө, дары-дармектер боюнча дагы талаптар бузулган.

“Мекемеде кармоо шарттары балдардын укуктарын одоно бузуп жатат. Алдын ала баруунун жыйынтыгы менен акт түзүлүп, мектеп-интернаттын жетекчилигине өткөрүлүп берилди. Жетекчиликтин айтымында, бир жуманын ичинде бардык мыйзам бузуулар оңдолот”, - деп айтылат билдирүүдө.

Азырынча Билим берүү министрлиги же аталган мектеп интернатын жетекчилигинен маалымат алууга мүмкүнчүлүк боло элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости