www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Замирбек Карашев абактан чыкты. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин укук коргоо органдарындагы ишенимдүү маалымат булагы билдирди.
Бишкектин Биринчи май райондук соту Карашевдин бөгөт чарасын өзгөрткөн.
"Бажы жетекчисинин мурдагы орун басары адамды мыйзамсыз эркинен ажыратууга көмөктөшкөн деп шектелүүдө. Ал мамлекетке 18 миллион 895 миң сом төлөп, чыгымдын ордун толтурду. Карашев сыртка чыкпоо жөнүндөгү тил каттын негизинде бошотулган", — деди маалымат булагы.
Райондук сот бөгөт чара өзгөртүлгөнүн тастыктады. Карашевди абактан бошотуу боюнча өтүнүчтү УКМКнын тергөөчүсү келтирген.
Эске салсак, Замирбек Карашев кармалганы тууралуу өткөн жылдын 11-октябрында белгилүү болгон. Ал Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп 2019-жылдан 2021-жылга чейин иштеген. Соцтармак колдонуучулары аны "Бажыда коррупция жок" деген сөзү менен эстеп калышкан.
Булак: NazarNews.kg