www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лукашенко: Беларусь согушка даяр болушу керек

Беларусь мүмкүн болгон согушка даяр болушу керек. Бул тууралуу кечээ, 20-февралда Александр Лукашенко улуттук коопсуздук системасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилиги менен кеңейтилген жыйында билдирди.

«Бизге согуштун кереги жок, бирок ага психикалык жана стратегиялык жактан даяр болушубуз керек», - дейт Лукашенко.

Кырдаалдын олуттуулугун баса белгилеп, ал дуйнелук конфликтти дипломатиялык жол менен чечуу мумкунчулугу женундегу бардык элестерден баш тартуу керек деп билдирди. Лукашенконун айтымында, эл аралык укук да чыңалууну жөнгө сала албайт.

Лукашенко Батыш жаңы, бирок АКШ менен Евробиримдиктин көзөмөлүндө турган аймактык демилгелерди түзүүгө аракет кылып жатат деп ырастады.

"План өтө примитивдүү. Ага Польша, Румыния, Венгрия жана Словакиядан тышкары "нейтралдуу" Украина жана Белоруссия дагы кириши керек. Бул үчүн Беларусту Орусиядан "ажыратуу" керек", - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости