www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери камакта жаткан активист Ырыс Жекшеналиевден кабар алышты.

Мекеме 23-сентябрда тараткан кабарга ылайык, Жекшеналиев 22-сентябрда кезектеги сурак учурунда кан басымы көтөрүлүп кеткенин айткан. Ал медициналык кароодон өткөнүн, омуртка жана жүрөк-кан тамыр оорулары дарылоону талап кылып жатканын билдирген. Камакта кыйноо же ырайымсыз мамилеге туш болгону тууралуу арызданган эмес.

Фейсбуктагы "Полит Узник" баракчасынын администратору, 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августтун кечинде милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин ("Калайман башаламандык") 3-бөлүмүнө ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") ылайык кылмыш ишин козгогон. Сот чечими менен ал 14-октябрга чейин камалган. Өзү эч кандай күнөөсү жок экенин айтып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости