www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Кыргызстан эгемендик алган жылдары кылмыш дүйнөсүндөгү таасирдүү фигурага айланган Рысбек Акматбаев 2006-жылдын 10-майында Бишкек шаарына жакын жердеги Көк-Жар айылында атып өлтүрүлгөн. Аны мечиттин жанынан Ауди-100 үлгүсүндөгү автоунаада жүргөн белгисиз адамдар курал менен аткылашкан. Акматбаевдин башына жана көкүрөгүнө ок тийип, ал алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Резонанстуу экенине карабай белгисиз себептер менен кылмыштын бети ушул убакка чейин ачылбай келген.

УКМК кайрадан жүргүзгөн комплекстүү ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Рысбек Акматбаевди өлтүрүүнү маркум Камчы Көлбаев (Асанбек), Алманбет Анапияев, Болот Самсалиев (“Боха Казарманский”) жана Марат Раимбеков (“Рэмбо”) уюштуруп, жасагандыгы аныкталганын билдирди.

“Рысбек Акматбаевди жок кылууну жогоруда аталган катышуучулардын баары аткарышы керек болгон. Бирок адам өлтүрүү учурунда унаанын рулунда М.Раимбеков, ошондой эле кылмышты көзөмөлдөө үчүн унаанын артында К.Асанбек отурган. А.Анапияев менен Б.Самсалиев К.Асанбектин чыгышын күтпөстөн, Р.Акматбаевди маңдайынан түз атып, андан соң алар белгисиз тарапка из жашырып кетишкен. Бул фактылар К.Асанбектин киши өлтүргүчүнүн (киллер) көрсөтмөлөрүнүн негизинде аныкталды, анын аты-жөнү тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн айтылбайт”, – деп белгиленет УКМКнын маалыматында.

1960-жылы Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында туулган Рысбек Акматбаев 1990-жылдары уюшкан кылмыштуу топ түзүп, өзү анын башында турган. Кыргызстан эгемендик алган жылдары өлкөдө криминалдык дүйнөнүн эң таасирдүү анабашы катары белгилүү болгон. Бир нече кылмыштарга айыпталып, соттолуп чыккан, кээ бир кылмыштар боюнча акталган. 2006-жылы апрелде Жогорку Кеңешти шайлоодо Балыкчы округунан жарышка чыгып, утуп чыккан. Борбордук шайлоо комиссиясы Акматбаевге козголгон кылмыш иш боюнча Жогорку Соттун чечими чыга элек болгондуктан ага мандат берген эмес. Май айында ал киши колдуу каза болгон.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости