www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сөз болуп жаткан пост Бишкектин Ленин округунан Жогорку Кеңешти шайлоо өнөктүгү учурунда Фейсбукка жарыяланган. Бакир уулу менен Саралаева ушул округдан талапкер катары катталып, кийин мурдагы депутат саясий жарыштан баш тарткан. Борбордук шайлоо комиссиясы Бакир уулуна үгүт иштери баштала электе баннерлерди илип алганы үчүн эскертүү берген. Мындай чечим Саралаеванын жазган арызынын негизинде каралып, кабыл алынган.

Журналист Лейла Саралаева мурдагы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулун сотко бергенин Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал арызга Бакир уулунун посту себеп болгонун айтты: «Анын Фейсбуктагы эки баракчасында жалпы 30 миңден ашык катталуучу бар. Бул посттон улам мен моралдык жактан жапа чектим”, - деп жазган Саралаева.

Саралаева анын өкүлү Ленин райондук сотуна арыз жазганын, бул үчүн 1 млн 500 миң сом моралдык чыгым өндүрүп берүүнү өтүнгөнүн, алгачкы соттук отурум келерки жылдын 8-январына белгиленгенин тактаган. Турсунбай Бакир уулу арыз тууралуу кабарсыз экенин, мындай шартта өзү да журналистке каршы даттанарын маалымдады.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости