www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы энергетика министри Доскул Бекмурзаев Түркияда дарыланып жатат. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.
Бүгүн, 11-апрелде Зулушев парламенттин 2 комитетине отчет берди. Анын жүрүшүндө депутат Нурбек Сыдыгалиев мурдагы министр Бекмурзаевге козголгон кылмыш иштерине кызыкты.
Сыдыгалиевдин айтымында, Бекмурзаев күзүндө көмүр сатып алуу жөнүндө келишим түзгөн эмес, Кара-Кечеден көмүр ташыла турганын айткан.
«Бирок кышында баа жогорулаганда көмүр сатып алынган. Муну менен мамлекетке зыян келтирилген», - деди Сыдыгалиев.
Башкы прокурор Бекмурзаевдин өзүнө 2 кылмыш иши козголгонун, бул эки иш боюнча мамлекетке 17 млн 468 миң сом зыян келтирилгенин айтты.
«Тергөө иштери токтоп турат. Бекмурзаев ооруп жатканына байланыштуу Түркияда дарыланып жатканын айтып, ишти токтоткон. Жыйынтык чыга элек», - деди Зулушев.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Бекмурзаевге кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча 2 кылмыш иш козголгон.
«Бекмурзаев 2021-2022-жылдары тийиштүү тармакта адис эмес кызматкерлерди мамлекеттик бюджеттин эсебинен Бириккен Араб Эмираттарына, Түркия Республикасына, Өзбекстан Республикасына жана Россия Федерациясына кызматтык иш сапарларга жөнөткөн.
Мындан тышкары, «Теплые ключи» ден соолукту чыңдоо комплексин оңдоодо «Б.» ЖЧКсына 15 млн сомдон ашык зыян келтирген», - деп билдирген буга чейин Башкы прокуратура.
Булак: NazarNews.kg