www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Владимир Кара-Мурза кечээ күнү Москванын шаардык сотунда акыркы сөзү менен чыгып сүйлөп, Украинадагы согуш жана Орусиядагы абал тууралуу мурда айткандарын кайталоого даяр экенин билдирди. Прокуратура аны 25 жылга эркинен ажыратууну талап кылууда. Кара-Мурза өз пикирин эркин айтканы үчүн жазаланып жатат.

Өз пикирин эркин айткандыгы үчүн Бишкекте дагы 25ке жакын жарандык активист былтыркы октябрдан бери камакта. Алар төңкөрүш даярдап же бийликти кулатууга чакырык жасаган эмес, эгер андай болгондо, дадилдер азыр ар бир интернет-сайтка чыгып, телевизордон күнүгө жарыяланып турмак.

Пикир айтканы үчүн камоо Орусияда Кыргызстандан мурда башталган. Азыр Орусияда адам тынчтык үчүн чакырганы үчүн дагы кармалат, анткени эч ким эч бир маселе боюнча өз пикирин билдирбеш керек. Чет өлкөлүк агенттер же жалган маалымат тууралуу кыргыз мыйзамдары дагы Орусиянын мисалы менен кабыл алынган. Ошондуктан, Орусиядагы кырдаал өзгөрмөйүнчө, Кыргызстандагы абал дагы оңолбойт десе болот.

Последние новости