www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамына кол койду.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 7-декабрында кабыл алынган.
Мыйзам жыныстык кол тийбестикке жана жыныстык эркиндикке болгон укуктарды камсыз кылуу, ошондой эле өмүргө жана ден соолукка кылмыштуу кол салуулардан коргоо максатында кабыл алынган чыккан.
Мыйзамдын милдети алдын алуу үчүн жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыштардын жоопкерчилигин күчөтүү жана жабыркагандарга карата кайталанган кол салуулардан сактоо болуп эсептелет.
Кабыл алынган мыйзам менен төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилүүдө:
Оор кылмыштар боюнча (анын ичинде зордуктоо) кылмыш иштерин тергөөнү тараптардын жарашуусуна байланыштуу токтотпоо боюнча жоболор камтылган. Тараптардын жарашуусуна байланыштуу жазык ишин милдеттүү түрдө токтотууну караган ченемдер алынып салынды.
Ошол себептен, КР Кылмыш-жаза кодексинин 57-беренесине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 24, 505, 507-беренелерине өзгөртүүлөр киргизилди.
Андан тышкары жыныстык кол тийбестик боюнча кылмыштарды алдын алуу максатында, мыйзамдардагы жоопкерчиликтен иш-жүзүндө качууга шарт түзгөн жылчыктарды алып салуу боюнча ченемдер киргизилген. Тактап айтканда, жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыштардын эскирүү мөөнөтүн, пробациялык көзөмөлдү колдонуу, күрөөгө бошотуу мүмкүнчүлүктөр алып салынды, анткени бул жоболор жабырлануучулардын укук коргоо системасына болгон ишенимин кетирет.
Ошол себептен, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 58, 82-беренелерине, КР Жазык-процесстик кодексинин 112-беренесине өзгөртүүлөр киргизилди.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Булак: NazarNews.kg