www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 23-январда түндө катуу жер титиреди. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу кыргыз-кытай чек арасына жакын аймакта катталып, анын күчү 8 баллга жеткен.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарга жер титирөө учурунда өзүн алып жүрүү боюнча төмөндөгүдөй кеңештерин берет:
- Эгерде сиз көп кабаттуу үйдүн 1-кабатында же болбосо жер үйдө жашасаңыз, тезинен коопсуз жерге чыгуу зарыл;
- Көп кабаттуу үйдүн экинчи же андан жогорку кабаттарында болсоңуз, бөлмөдөгү эң коопсуз жерди табуу керек (бурч, столдун асты ж.б.). Терезеден секирбеңиз;
- Эгер жер титирөө учурунда сыртта болсоңуз, туруксуз курулуштардан, кыйроочу имараттардан алыс болуу зарыл. Ачык жерге качып, көрнөк-жарнак, күркө, аялдамалардан да алыс болууга аракет кылыңыз;
- 1–3 баллга жеткен жер титирөө билинер-билинбес өтөт. Ал эми күчү 4 баллдан жогорку жер титирөө олуттуу кыйроолорго алып келет;
- Зилзаланын болоорун алдын ала божомолдоого мүмкүн эмес. Эӊ көп жер силкинүү катталган Япония да мындай мүмкүнчүлүктөргө жете элек;
- Бирок жер силкинүүнүн алдында бош орнотулган объекттер термелип, жарык өчүпкүйүп баштайт. Бул белгилер байкалганда дароо керектүү буюмдарды алып, коопсуз жерге жайгашуу зарыл;
- Жер титирөөдө лифт колдонууга болбойт. Тепкич менен гана түшүү керек. Имараттан чыгып баратканда электр, газ булактарын өчүрүп, суу түтүктөрүн бекитип салган оӊ;
- Эң башкысы дүрбөлөңгө түшпөңүз; - Негизги дубалдардын бириккен жеринде туруңуз; - Жогорку кабаттан секирбеңиз;
- Үзүлгөн электр чубалгыларынан оолак болуңуз. «Турак жайды кырсыктардан камсыздандыруу зарыл», - дейт министрлик.
Булак: NazarNews.kg