www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутаттар «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Бул долбоор Жогорку Кеңештин бүгүн, 20-декабрдагы жыйынында каралды.

Долбоорду Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген. Баяндама жасаган юстиция министринин орун басары Бактияр Орозов белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты жана милдети Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2023-жылдын 14-июнундагы чечимин аткаруу болуп саналат.

Конституциялык сот Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 35-беренесинин 1-бөлүгүнүн 11-пунктунун, 260-беренесинин 1-бөлүгүнүн ченемдик жоболорун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 61-беренесинин 1- бөлүгүнө, 100-беренесинин 4-бөлүгүнө, 101-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таанылган, анда мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү сот актысы менен тастыкталган жазык ишин кыскартуу жана ал боюнча өндүрүштү кайра баштоо жөнүндө токтомду прокурор тарабынан жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө жол берилет.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости