www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жаныбек Бакчиевдин камактагы мөөнөтүн 23-февралга чейин узартты. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, мындай чечим 19-декабрда чыккан. Ал ушул тапта тергөө абагында кармалууда.

Атайын кызмат Жаныбек Бакчиевди октябрь айында кармаган. Биринчи Май райондук соту ага Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен айып тагылганын кабарлаган.

56 жаштагы Жаныбек Бакчиев Жогорку Кеңештин VI чакырылышында “Бир Бол” фракциясынан депутат болгон. Ага чейин Мамлекеттик каттоо кызматын 2009-жылы жана экинчи жолу 2011-жылдын январь айынан 2011-жылдын декабрь айына чейин башкарган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости