www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия президенти Владимир Путин мугалимдерди физикалык жана психикалык зомбулуктан, кадыр-баркына шек келтирүүдөн коргоо боюнча мыйзамга кол койду. Документ укуктук маалымат боюнча расмий порталга жарыяланды.

Ага ылайык, мугалимдер зомбулуктун бардык түрүнөн корголот.

"Мугалимдер өз укуктарын коргоо үчүн билим берүү уюмунун башкармалыгына кайрылып, алардын укугун бузган окуучуларга дисциплинардык чара көрүүнү өтүнө алат. Мындай кайрылуулар сөзсүз түрдө каралат. Билим берүү уюмунун жетекчилиги мугалимдерге физикалык же психикалык зомбулук көрсөтүүгө жол бербеши керек", - деп айтылат документте.

Буга чейин Путин мектептерде уюлдук аппарат колдонууга тыюу салган мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, өмүргө жана ден соолукка коркунуч жараткан кырдаалдарды эске албаганда, сабак учурунда гаджеттерди колдонууга тыюу салынат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости