www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду №50 абак жайына камакка алган соттун чечимине тынчсыздануусун билдирди. Улуттук борбор бул чечим боюнча башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылды.
Анда улуттук борбордун кызматкерлери абак жайларга барганда мурдагы мамлекеттик, күч органдарынын кызматкерлеринин, купуя маалыматтарды билген аскер адамдарынын арасында катардагы эркинен ажыратылгандар бар экенин көрүшкөн.
«Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор Курсан Асановдун бул мекемеде кармалышы анын өмүрү үчүн кооптуу болушу мүмкүн деп тынчсызданганын билдирет. Ага карата катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин болушун алдын алуу маанилүү», — деп белгиленет кайрылууда.
Курсан Асанов 14-сентябрда бийликти күч менен басып алууга шектелип Жазык кодексинин 309-беренесинин негизинде кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен ал өзгөчө оор кылмыш жасагандар кармалуучу №50 тергөө абагына эки айга камакка алынды. Бул иш боюнча «Толубай» коммерциялык банкынын директорлор кеңешинин мүчөсү Алмаз Сарыбаев да камалган. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилген.
Булак: NazarNews.kg