Кыйраткансып Жогорку Кеңеш эки айлык эс алууга кетишет
Саясат  |   |  930

Жогорку Кеңеш жакында эки айлык эс алууга кетишет. Бир жыл бою иштеп кыйратып салышпадыбы. Эми булар алдыдагы президенттик шайлоого карата жер-жерлерге барып ар кимиси өз партиясынан көрсөтүлгөн талапкерге иштеп беришет. Бул турган иш да.

Бир жыл бою парламент ызы-чуу менен коштолду. Текебаев менен Атамбаевдин тиреши менен жайкы каникул да келип калды. Учурда ЖК жыйынында жыйырма чакты эле депутаттар отурушат. Бирок ошолордун колу менен пачка-пачка мыйзамдар кабыл алынып жатат. Анын арасында керектүүсү да, керексизи да бар.

Булак: "Ачык саясат"
 

Поделитесь с друзьями