www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүнүн алкагында Кырчын жайлоосунда ветеринардык көзөмөл иштери жүргүзүлдү.

Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл облусундагы регионалдык башкармалыгынын инспекторлору 27-августта Садыр Аке айыл аймагындагы этношаарчада жайгашкан эки убактылуу мал союучу жайдын ишмердүүлүгүн текшеришти.

Мындан тышкары, Бишкек жана Ош шаарларынан, 7 облустан келген өкүлдөр, ошондой эле 72 боз үйдө коомдук тамактануу кызматын көрсөткөндөр менен жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушууда ветеринардык-санитардык талаптарды сактоо жана малды атайын белгиленген убактылуу мал союучу жайларда гана союу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Катышуучуларга тиешелүү талаптар камтылган эскертмелер таратылды.

Последние новости