www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иран Израилге 25 баллистикалык ракета менен чабуул жасады. ЖМКлардын маалыматына ылайык, алардын бири Хайфага түшүп, жаракат алгандар бар.
Израилдин авиациясы Ирандын бир нече шаарына сокку урду. Израиль Ирандын Кум шаарына жасаган чабуулунан 2 адам каза болуп, дагы төртөө жаракат алгандыгы кабарланууда. «Jerusalem Post» гезити маалымдагандай, каза болгондордун арасында Ирандын өзөктүк программасынын объектилеринде иштегендер болушу мүмкүн.
Кум провинциясында Ирандын эң ири жана эң корголгон өзөктүк инфраструктуралык объектилеринин бири - Фордо жайгашкан. Ошондой эле, өзөктүк изилдөө комплекси жайгашкан Исфахан шаарында да жарылуулар болду.
Израилдин коргоо армиясы эртең менен Ирандын аймагына жаңы аба соккулары жасалганын жарыялады. Бул аракет 21-июнь, ишембиге караган түнү Израилдин борбордук бөлүгүнө жасалган ракеталык аткылоого жооп болду. Жергиликтүү тургундардын айтымында, атып түшүрүлгөн ракетанын сыныктары Тель-Авивдеги имараттын чатырына түшүп, үйдү өрттөп жиберген, жабыркагандар болгон эмес.