www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры 96-сезонун расмий жапты.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, бул күнү театр сүйүүчүлөрүнө Жалил Садыковдун "Төлгө" спектакли тартууланды.

Театрдын сезондук жабылуу аземине Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жаштар саясаты башкармалыгынын башчысы Аскар Шайкидинов катышып, министр Алтынбек Максутовдун куттуктоо сөзүн окуду.

Театрдын директору Асылбек Өзүбеков театр күзүндө кайрадан күйөрмандар менен жолугарын билдирип, чыгармачыл жамаат күзгө чейин жаңы спектаклдерди жаратуунун үстүндө иштээрин кошумчалады.

Ал эми буга чейин 16-17-18-июнь күндөрү аталган театрда Чыңгыз Айтматовдун калемине таандык "Кызыл жоолук жалжалым" повестинин негизинде коюлган "Ашуу" спектаклинин премьерасы болгон.

Эскерте кетсек, "Төлгө" спектаклинде роль жараткан актрисалардын кийими коомчулукта чоң талкууну жараткан. Көпчүлүк кыргыздар эч качан кара элечек кийбегенин айтып катуу сынга алган.

Последние новости