www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев ТҮРКСОЙ уюмунун алтын медалы менен сыйланды. Сыйлыкты аталган уюмдун башкы катчысы Султан Раев тапшырды.

Маалым болгондой, ТҮРКСОЙ эл аралык уюму маданият тармагында иштегендерге жыл сайын атайын сыйлык берип келет.

Белгилей кетсек, буга чейин уюмдун жогорку даражадагы сыйлыктары Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү комузчу Самара Токтакуновага, "Алтын комуз" байгесинин негиздөөчүсү Ниязбек Айбашовго, Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Ниязга, Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүлөрү Маратбек Шарафидинов, Асан Турсункулов, Эмгек сиңирген артист, "Учур" театрынын директору Шаршенбек Шейшеновго жана башкаларга ыйгарылган.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости