www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмомали Рахмон Сауд Арабиясына барат

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон эки күндүк сапары менен Сауд Арабиясына барат. Бул тууралуу "Озоди" радиосу тажик президентинин басма сөз катчысы Абдуфаттох Шарифзодага шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, Эмомали Рахмон Жидда шаарына 18-июль күнү түштөн кийин барып, эртеси Борбор Азия өлкөлөрү менен Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңешинин алгачкы саммитине катышат.

2022-жылы сентябрда Сауд Арабиянын баш калаасында Перс булуңундагы жана Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде алгачкы жолугушуу өткөн. Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңешине аталган булуңга чыгуу мүмкүндүгүнө ээ алты араб өлкөсү кирет: Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары, Кувейт, Бахрейн, Оман жана Катар.

"Озоди" радиосу өкмөттөгү өз булактарына таянып, Рахмон жана тажик делегациясынын мүчөлөрү сапардын алкагында кичи ажылык ибадатын аткарарын кабарлады. Бул маалыматты президенттин басма сөз катчысы ырастаган да, төгүндөгөн да жок.

Эмомали Рахмон акыркы жолу кичи ажылыкка 2016-жылы январда, Сауд Арабиясына жасаган сапарынын алкагында барган. Анда аны жубайы, балдары жана делегация мүчөлөрү коштоп жүргөн.

Эл аралык укук коргоо уюмдары Рахмонду адамдардын жеке жашоосуна кийлигишүүгө жана алардын диний укуктарын бузууга айыптап келишет. Укук коргоочулардын айтымында, тажик бийлиги аялдар менен өспүрмдөрдүн диний иш-чараларга катышуусун чектейт. Мындан тышкары мусулман аялдардын кара жоолук салынып, хижаб кийүүсүнө тыюу салып, диний азчылык өкүлдөрүн, анын ичинде Жахаба күбөлөрүн куугунтуктоодо.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости