www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Фейсбукта отуруп алып өйдө-төмөн, ойду-тоону сүйлөп "акылдуу" боло берген Акжолтой Тукунов деген сакалын сербейткен куру дүрмөт бар. Маанисиз бир нерселерди айтып, элдин көйгөйүн көтөрүп жатам деп тамтаңдай бергенди адат кылып алган.
Ушул Тукуновдун тымызын бийликке активисттерди салып берип иштейби, же Акжолтой эмес эле "каражолтой" жагы барбы, айтор бул таксырга жакындаган эле адам камалып кетчү болду.
Мына айталы, казиного каршы чыгып, митинг уюштурган Адилет Балтабай камалып кетип, Акжолтой Тукунов Антимонополия кызматынын төрагасынын орун басары болуп кеткен. Ал жакта иштей албай, деңгээли жоктон ыргып кетти. Бул биринчиси эмес.
Айталы, мына кечээ эле жарандык активист Эртай Исаков "суу жок деп митингге чыгып, жол тосуп мыйзам бузууга барган" делип эки айга камалды. Жанында ар дайым Тукунов жүрчү. Дал келүүбү? Эмнеге Тукуновго жологондор камалып кетет?
Эртай Искаков 10-сентябрда өтө турган бир мандаттуу Ленин райондук шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатыгына талапкерлигин койгон.
Дал ушул округдан өткөндөгү жокко чыккан шайлоодо дагы талапкер болгон. Жанында Акжолтой Тукунов деген сүрөөнчү, пиарщик болуп жомок айтып жүргөн. Мына камалды. Бир колдоп үн каткан жок. Бирөө чоңго отурса деле, популист неме кыйкырып чыкчу, Исаков камалса укмаксан, көрмөксөн, билмексен.
Булак: NazarNews.kg