www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз эл акыны, жазуучу Омор Султанов дүйнө салды

Кыргыз эл акыны, коомдук ишмер, киносценарист, II даражадагы "Манас" орденинин ээси Омор Султанов 3-апрелде 86 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Жазуучулар союзунан билдиришти.

Омор Султанов 1935-жылы 6-ноябрда Жети-Өгүз районунун Тосор айылында туулган.

Омор Султановдун чыгармалары, макалалары 1953-жылдан баштап жарык көрө баштаган. Биринчи ырлар жыйнагы «Тоо күндөрү» деген ат менен 1961-жылы жарык көргөн. «Кыргызфильм» киностудиясы тарабынан эк-рандаштырылган «Төкмө», «Жазуучу», «Ак куулар конгон айдың көл» ж.б. даректүү жана көркөм фильмдердин сценарийлерин жазган.

О. Султановдун чыгармалары орус, англис, немец, испан, француз, мон-гол, поляк, украин, венгер, словак, чех ж. б. тилдерге которулган. Ал А.Пушкин, М.Лермонтов, Бартольд Брехт, Пабло Неруда, Габриела Мист-раль, В.Маяковский, Н.Хикмет, К.Кулиев, Р.Гамзатов, И.Драч, Э.Межелайтис ж.б. акындардын чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости