www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Коопсуздук комитети «чет элдик чалгын кызматынын агенти» кармалганын билдирди. Мекеменин сайтына чыккан маалыматка караганда, операция 25-мартта жүргүзүлгөн. Кармалган адам Казакстандын жараны болгон. Ага президент Касым-Жомарт-Токаевди жана башка жогорку даражалуу бийлик өкүлдөрүн "өлтүрүүнү көздөгөн" деген айып тагылууда.

Атайын кызмат билдиргендей, кармалган адам Казакстанда Орусияга каршы пропаганданы жайылтып, социалдык тармактарда тиешелүү материалдарды жайгаштыруу менен Москваны жек көргөндөрдүн санын көбөйтүүнү көздөгөн.

Маалыматка караганда, ал күнөөсүн моюнуна алган. Ал кайсы чет мамлекеттин кызыкчылыгына иштегени айтылган жок.

Эске салсак, башында Казакстандагы кандуу башаламандык маалында кеминде 230 адам өлгөнү расмий айтылган. Бийлик аны «террорчулардын эл аралык тобу» уюштурганын билдиргени менен, эч кандай далилдерди келтирген эмес. Коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчилерине кылмыш иштери козголгон.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости