www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан эгемендик алган кездеги Жогорку Кеңештин - легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов мамлекеттик желекти өзгөртүү менен бийлик туура эмес кадамга барганын айтты. Коомдук ишмер бул тууралуу Бишкекте "Кыргыздар" деп аталган китептин ачылышында сүйлөп жатып, билдирди.

"Нарк деген жөн эле сөз эмес. Ал материалдык нерсе, нарктын наркы - эл өзү. Эл өзү тандап, өзү бекитип, ошого сыйынып калган материалдык нерсебиз болот. Мен парламенттин мамлекеттик тууну өзгөртүү чечимин туура эмес деп эсептейм. Мен бир жолу төрагабызга кирип, Улан экөө менен чогуу сүйлөшкөн элек. "Ээрчишип алып бирге президентке баралы, сөзүбүздү айталы" деп сүйлөштүк эле. Ал сөз бойдон калды. "Парламенттеги угууларга мени чакырып койсоңор, ушул желекти бекиткен спикер мен элем" деп канча жолу айттым. Жанагы үч авторго да Нурлан Шакиевдин  көзүнчө айттым, "ай, бул желек силердики эмес, меники", дедим. Меники болбой эмине, аны мен башкарган 350 депутат бекиткен. Ал жерде менин колум турат. Кечээ күнү да сурандым, "мени чакырып сөз берип койгула" деп. Болор иш болду, мен сындагым да келбейт. Орустар өз желегин 75 жылдан кийин кайтарып алды. Азербайжандар 1918-жылкы желегин кайтарып алып, азыр ошону менен жүрүшөт. Мындан кийин ушундай кадамга барганда элдин оюн кичине угуп койсоңор. Эл айтып аткан сөздүн баарын "бот" деп коюшкан. Он кишинин бирөө колдоп койсо, анын сөзү туура деп коюшту. Элдин оюн антип укпайт. Элдин оюн туура укканга көнгүлө. Элден алыстап калган бийликте ийгилик болбойт", - деди Медеткан Шеримкулов.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости