www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз футбол бирлиги өлкө чемпионатынын оюндарына VAR системасын (арбитрга видео жардам көрсөтүү системасы) киргизүүнү пландап жатат.Уюмдун билдиришинче, оюндарга VAR системасын ишке киргизүү боюнча ФИФАнын атайын адистери кыргызстандык калыстар менен чогуу жыйын өткөргөн. Анын алкагында Кыргызстанда VAR системасын ишке киргизүү, жабдуулар менен камсыз кылуу, калыстарды жана алардын видео ассистенттерин окутуу туралуу маселелер талкууланган.Буга чейин VAR лицензиясын алуу үчүн ФИФАга өтүнүч жөнөткөн.

Футбол бирлигинин Калыстар бөлүмү өлкөдө видео жардам системасын ишке киргизүү боюнча долбоорун этап-этабы менен ишке ашырат. Алгач жергиликтүү калыстар атайын окуудан (8 айдан 10 айга чейин) өтөт. Андан кийин Кыргызстандын премьер-лигасынын оюндарында видео кайталоо системасы колдонула баштайт. VAR системасы 2018-жылы Орусияда өткөн футбол боюнча дүйнө чемпионатында киргизилген

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости