www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов мамлекеттик туунун өзгөрүшү боюнча пикирин билдирди. Ал Твиттердеги баракчасына алдыда боло турган эл аралык спорттук мелдештерде, Олимпиада оюндарында спортчулар жаңы желек көтөрүп чыгарын белгилеген: "Апрелде бизде Азия чемпионаты жана рейтинг турнири өтөт. Албетте, өз жергебизде биздин жаңы туу желбирейт. Бирок Париж олимпиадасы баш болуп, калгандарында да (буюрса, Жоламан баатырыбыздын да ардагына) жаңы желек көтөрүлөт", - деп жазган Байсалов.

Мунун алдында айрым маалымат каражаттары грек-рим күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Жоламан Шаршенбеков Кыргызстандын желегин алмаштырууга каршы экенин жазышкан. Анда спортчу: "Мен желекти алмаштырууга каршымын. Алар өзгөртүүгө байланыштуу эч кандай чыгым болбой турганын айткан эле. Менде эски желек бар. Жаңысын сатып алуу планым жок", - деп айткан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости