www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Арменияда орусиялык Sputnik телеканалынын программаларын алып көрсөтүүчү "Тоспа" радиостанциясынын лицензиясы бир айлык мөөнөткө токтотулду. Буга өткөн айда армян тектүү орусиялык кремлчил үгүтчү Тигран Кеосаяндын Армения тууралуу “шылдыңдаган жана мазактаган” комментарийлери негиз болгонун 21-декабрда кабарлады.

Лицензияны чектөө тууралуу чечим чыгарган комиссия “Тоспаны” Арменияда “реалдуулуктан алыс” жана “дүрбөлөң салуучу” деп бааланган мындай комментарий үчүн 500 000 драм (1200 доллар) айып пул төлөөгө милдеттендирди.

Кеосаян — Кремлдин дагы бир белгилүү активдүү үгүтчүсү Маргарита Симоньяндын күйөөсү. Алар экөө тең Орусиянын Украинага кол салганын ачык колдоп, шыкактап келатканы үчүн Батыштын санкцияларына алынган

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости