www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев  Татарстан Республикасынын Казань шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында 2026-жылдын 1-3-апрелине чейин «Казань Экспо» эл аралык көргөзмө борборунда өткөрүлүп жаткан «ЭНЕРГОПРОМ»  Казань эл аралык электр энергетикалык форумуна катышууда. Форум Россия Федерациясынын Энергетика министрлиги жана Татарстан Республикасынын Өкмөтү тарабынан уюштурулууда.

Форумдун алкагында энергетикалык машина курууну өнүктүрүү, газомотордук отун рыногу жана электр транспорту үчүн кубаттоочу инфраструктура, энергиянын альтернативдүү булактарын колдонуу, энергетикалык комплексти санариптештирүү маселелери талкууланып жатат. 
Эл аралык кызматташууга жана анын ичинде газ турбиналарды, электр жабдууларын жана башка келечектүү багыттарды өндүрүү тармагындагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

Мындан тышкары форумдун жүрүшүндө эл аралык денгээлдеги атайын көргөзмө уюштурулган. Анда иш-чарага катышкандар үчүн,  өз өлкөсүнүн энергетикалык баалуулуктарын чагылдырган энергетикалык компаниялардын акыркы технологиялык өнүгүүлөрүн, жабдууларын жана негизги долбоорлорун көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Анда Кыргызстандын Энергетика министрлиги тарабынан улуттук боз үй тигилип, кыргыз энергетикасындагы ишке ашырылып жаткан жана пландалган ири долбоорлордун макеттери, улуттук суусундуктар, азык-түлүктөр  көргөзмгө коюлду. 
Бул тармакты өнүктүрүүгө багытталган долбоордорду ишке ашыруу үчүн инвестиция тартууга, компаниялардын потенциалын жана жетишкендиктерин көрсөтүүгө өбөлгө түздү.

Последние новости