www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү бекеттери кадимки тартипте иштеп жатат. Бул туралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 6-апрель саат 15:30га карата “Ак-Тилек” бекетинде 200гө жакын жүк ташуучу унаа турат. Ал эми “Чоң-Капка” пунктунда 80 унаа, “Чалдыбар” бекетинде 60 унаа,”Кең-Булуңда” 65 унаа токтоп турат.

“Казак тараптын пунктардан унааларды кое беришинин кечендешинен улам чек арада унаалардын кезеги пайда болууда. Кыргыз-казак чек аранын башка пунктарында унаалардын токтоп турушу байкалган жок”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости