www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Шайлообек Атазов парламентте ант берди

Бишкектин Свердлов округунан шайланган депутат Шайлообек Атазов бүгүн парламентте ант берди. Мыйзам боюнча, мандат алган эл өкүлү ант берген учурдан тартып кызматка расмий түрдө киришет.

Белгилей кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы Свердлов шайлоо округунан утуп чыккан Абдурахманхажи Муртазалиевди добуш сатып алууга айыптап, алган добушун жокко чыгарган. Талапкер бул чечимге макул болбой Жогорку Сотко чейин даттанып, утулуп калган.

Мындан улам мыйзамга ылайык, экинчи орунда турган талапкер Шайлообек Атазовго мандат берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости