www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Эркеч-Там" посту убактылуу жабылды. Азырынча ал жактан автоунаа жана жүк ташуучу унаалар өтө албайт. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Кытай тараптын маалыматына караганда, аталган мамлекетте жамгыр нөшөрлөп жаагандыктан жолдун айрым бөлүктөрүн суу алып, көпүрөлөр талкаланган. Азыркы тапта оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

"Өткөрмө пункту иштей баштаганда кошумча маалымат берилет",— деп айтылат билдирмеде.

Чек ара кызматы айдоочу жана жүк ташуучуларды сапарга чыгарда абалды эске алууга чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости