www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Украина президенти Владимир Зеленский согуштун кийинки апталары абдан татаал болорун айтты. Бул тууралуу ал видео кайрылуусунда билдирди.

«Орус баскынчылары оккупацияланган Харьков облусунан, Херсон облусунан, Запорожьеден жана Донбасстагы оккупацияланган аймактардан баш тартпай турганын көрсөтүүгө абдан аракет кылып жатышат. Алар бир жерде алдыга жылып, бир жерде резервдерди топтоп, бир жерде өздөрүнүн позицияларын бекемдеп жатышат. Согуштун алдыдагы жумалары татаал болот. Биз муну билишибиз керек», - деди Зеленский.

Ошол эле учурда, ал, украиналыктардын согушуудан башка аргасы жок, деп баса белгиледи.

«Жеңиш үчүн күрөшөбүз. Анткени баскынчылар бизден бир эле нерсени эмес, бизде болгондун баарын тартып алгысы келет», - деди Зеленский.

Последние новости