www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Улуттук идеологиябыздын өзөгү улуттук наркта», - деди бүгүн, 24-майда NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Абдырахман Маматалиев.

- Саламатсызбы, Абдрахман агай, президент «Улуттук нарк жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул жарлык улутубуздун улуулугун даңазалап, уңгубузду табышыбызга салым кошобу?

- Бул Жарлык бери дегенде 25 жылга кечикти. Эгер, Аскар Акаев өз ишмердигин улуу кыргыз элинин нарк-насилин, каада-салттарын, үрп-адаттарын ыйык сактоого өзгөчө көңүл буруп баштаганда, биз өз тарыхын билип, келечегине кең жол салган, нарктуу, барктуу өлкөдө жашамакбыз.

Жаңы муундагы жетекчилер коррупциядан алыс болуп, ар-намысты туу тутуп, элибиздин жаркын келечеги, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн гана иштешмек.

Улуттук идеологиябыздын өзөгү ушул жерде. Албетте, коом тазаланат, унутулуп бара жаткан ыйык салттарыбызды кайра жандандырып, ар-намысты туу тутуп, элибиздин ынтымагын бекемдеп, башкалар суктангандай гүлдөп-өскөн мамлекет курабыз деп ишенип туралы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости