www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана өкүлдүн орун басары Жаныбек Исаков ардактуу эс алуудагы мугалим, 87 жаштагы Расулова Люция Ахуновнадан кабар алышты. Бул тууралуу ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Облус башчысы, Баткен областынын билим берүү тармагынын өсүп-өнүгүшүнө, ар тараптан чыңдалышына, билимдүү жаштардын өсүүсүнө зор эмгек кылган мугалимди 87 жаш курагы менен куттуктап, бекем ден соолук, бакубат турмуш каалады.

Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүл өз сөзүндө, Люция Ахуновнанын жоопкерчиликти жогору коюп ак эмгек кылгандыгын, окуучуларды билим дүйнөсүнө тартып, мектеп босогосунан мыкты инсандардын чыгуусуна зор салым кошуу менен эл оозунда кадыр баркы артып келе жаткандыгын баса белгилеп айтып өттү.

Расулова Люция Ахуновна 1935-жылы Башкирия шаарынын Альшевский районунда жарык дүйнөгө келген. 1939-жылы атасы финский согушта баатырларча курман болгон. Люция Ахуновна апасы экөө 1940-жылы посадка менен Кыргызстандын Баткен районуна келишкен. 1941-жылы согуш башталганда Люция Ахуновнанын апасы жылуу жумшак кийимдерди (фуфайка) тигип согуш болгон шаарга жөнөтүп турган. 1942-жылы Люция Ахуновна В.И.Ленин атындагы орто мектебине 1-класска кабыл алынган. 1959-жылы ушул эле мектепке жумушка орношкон. Ошол эле жылы турмуш жолуна аттанган. Л.Ахуновнанын алган сыйлыктары:

- Эл агартуунун отличниги

- “Баатыр эне” сыйлыктарын алган. 1988-жылы ардактуу эс алууга чыккан.5 баланын энеси. 12 небере, 12 чебереси бар.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости