www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бака жалбырак - адам баласы үчүн эң жакшы дары чөп. Суук өткөнгө, жараларга, ашказанга, канды тазалаганга, какырык чыгарууга, ооруну басадатканга, узак жөтөлгө, өпкөнүн туберкулезуна, плевритке, көк жөтөлгө, бронхиалдык астмага, гастритке, энтеритке, энтироколитке, ашкказандын, ичегинин жарасына, заара жолдорунун оорусуна, геморройго, малаярията, лишайга, угриге, көгөргөн бетке дары катары пайдаланса жакшы эффект болот.

Бака жалбырактын составында эфир майы жана табигый эсктракттар бар.

Уйкусуздукка жана нерв тынчтандырууга, шишикке, кан басымды төмөндөтүүгө, күйүккө, тахикардияга, баш ооруга, эркектин бел күчүн көтөрүүгө, тиш кулак ооруга, кандын составындагы кантты нормага келтирүүгө, өпкөнүн жана ашказандын рагына каршы бака жалбыракты пайдаланса айыгат.

Ашказан, ичегинин кээ бир жерлериндеги жараларга, ашказандын кычкылдуулугу жогору болсо, кандын уюмунда проблема болсо дарыгер менен кеңешүү керек. Бака жалбыракты компресс түрундө пайдаланат. Ошондой эле кургатылган жалбырагынан 1 чоң кашык алып 200гр сууга кайнатып 1 күндө 4 маал тамакка чейин 2 аш кашыктан 10 күн ичет.

Бака жалбырактын жалбырагын эт туурагычтан чыгарып, кара айнек банкага шекер менен аралаштырып алып, 2 ай караңгы жерге коюп койсо, сок чыгат.

Ошону күндө 1 кашыктан ичсе пайдалуу. Жалбырагын бычак менен майдалап, айнек идишке 4 бөлүгүнө чейин салып, үстүнө арак куюп, күнүнө 1 чоң кашыктан тамакка чейин ичүү керек.

Жарылбаган жараларга, сыздоокко жалбырагын аябай жанчып, аз өлчөмдө кир самындын кырындысын майда кылып кошуп, ата чеккен насыбайдан 0,5 кичине кашык кошуп, бир аз көптүрчү (камыр туруш) кошуп аралаштырып байлап койсо жараны жарып, өзөгүн сууруп чыгат.

Дарыгер Ташбү Каразакова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости