www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Теги кыргызстандык Айсулуу Аширалиева Түштүк Кореянын Сеул шаардык кеңешинин депутаты болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анын айтымында, 1-июнда ал өлкөдө жергиликтүү органдарынын, облустук жана шаардык депутаттарынын шайлоосу өткөн.
«Көп адамды жеңип, чет өлкөдө биздин кыргыз кызыбыз Айсулуу Аширалиева Сеул шаарынын жергиликтүү кеңешинин депутаттыгына шайланышы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Айсулуу айым дайым элчиликке көмөктөшүп, биз жүргүзгөн иш-чараларга өз салымын кошуп, мыкты патриот мекендештерибиздин бири», - деп жазган Исмаилова.
Элчи 42 жаштагы Айсулуу Аширалиева Түштүк Кореяга качан кетип жана жарандыкты качан алганы тууралуу маалымат жазган эмес. Аширалиева буга чейин ЖМКлардагы маегинде Түштүк Кореяга 2004-жылы көчүп кеткенин билдирген.
Ал Түштүк Кореянын жаранына турмушка чыгып, уулу менен кызын тарбиялап келет. Маданият жана искусство боюнча «Ай-Пери» борбор азиялык ассоциациясын негиздеген.
Булак: NazarNews.kg