www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин еврей аялы менен ажырашкан соң түбү кыргызстандык Алина Кабаева менен үйлөнөт деп жүрүшкөн. Алина Кабаеванын атасы Ташкендик татар болсо керек, ал Ташкенден Орусияга ооп кеткен. Анын чоң аталары Кыргызстандын Аксы районунда жашап, атасы Өзбекстандын «Пахтакор» командасында ойноп, ошол жакка көчүп кетиптир. Союз учурунда «Пахтакор» командасы учак менен баратып, бүтүндөй кырсыкка учурап,СССР боюнча кайрадан команда топтолгон. Бул тууралуу маалымат беттерине жарыялабай, өтө катуу жашыруун сыр болгон. Азыр чөп ийилсе да соцтармактарга жарыяланат. Америка континенттиндеги  Канада Орусиянын 22 жаранына жана төрт компаниясына каршы жаңы санкцияларды киргизди.

Жаңыланган санкциялык тизмеде орус президенти Владимир Путин менен жакын мамиледе экени айтылып жүргөн Олимпиада чемпиону Алина Кабаева, "Альфа-групп" компаниясына ээлик кылган миллиардер Михаил Фридмандын эки кызы, "Новикомбанктын" башкармалыгынын төрайымы Елена Георгиева, Урал тоо-металлургиялык компаниясынын башкы директору Андрей Козицын, Орусиянын түз инвестициялар фондунун башкы директорунун биринчи орун басары Анатолий Браверман, "Сбербанктын" башкармалыгынын мурдагы төрага орун басары Сергей Мальцев, "ВТБ банктын" төрагасынын орун басары жана башка жарандар бар.

Мындан тышкары санкциялык тизмеге "Орусиянын түз инвестициялар фондунун башкаруу компаниясы", "РВУнын башкаруу компаниясы", "Россельхозбанк" жана "Инвестторгбанк" киргизилген. Мындан мурун Канада Орусиянын 14 жаранына санкция салган. Алардын арасында да "орусиялык олигархтар, алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана Путинге жакын адамдар" болгон. Андан мурдараак Алина Кабаевага каршы Улуу Британия да санкция киргизген.

Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары бийликтеги өз булактарына таянуу менен Алина Кабаеваны Путиндин жубайы жана эки баласынын атасы деп жазып келишет. Швейцариялык SonntagsZeitung гезити Кабаева 2015-жылы жана 2019-жылы эки балалуу болгонун маалымдаган. Кремль бул маалыматтарды ырастаган да, төгүндөгөн да эмес.

Путиндин кыздарына да Батыш тийише баштады. АКШнын санкцияларына кабылган эндокринолог Мария Воронцова менен илимий менеджер Катерина Тихонова президент Владимир Путиндин кыздары экенин Кремль расмий түрдө биринчи жолу моюнуна алды.

Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттер менен болгон маегинде Кремль Путиндин кыздарына салынган санкцияга сөзсүз жооп кайтараарын айтты. Ал мындай жооп Москва "кандай зарыл деп эсептесе, ошондой" тартипте болоорун эскертти. Буга чейин Путин Воронцова менен Тихонова кыздары экенин ырастаган да, четке каккан да эмес.

Украинанын Буча шаарчасында жүздөгөн жайкын тургун орус аскерий күчтөрүнүн колунан өлгөнү маалым болгондон кийин Батыш өлкөлөрү Орусияга жаңы санкцияларды жарыялап жатат. Жакында АКШ 37 жаштагы Мария Воронцова менен 35 жаштагы Екатерина Тихонованы "кара тизмеге" киргизген. Ошондой эле, Вашингтондун соңку чечими менен Орусиянын эң чоң банктары болуп саналган "Сбербанк" жана "Альфа-банкка" да санкция салынган. Москва Бучадагы кыргынга байланыштуу дооматтарды четке кагып келет.

Путиндин кыздары жана мурдагы жубайы Людмила узак жылдардан бери коомчулуктун назарына илинбейт. Воронцова - саламаттык сактоо тармагына инвестиция салган компаниянын кожоюндарынын бири. Тихонова 2010-жылы көпчүлүккө акробатикалык рок-н-ролл менен алектенген бийчи жана спортчу катары таанылган. Ал кийинчерээк Москва мамлекеттик университетинде илимий-изилдөө борборун курууну көздөгөн, орус өкмөтү колдогон "Иннопрактика" фондун жетектеп калган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости