www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыздын чыгаан актеру, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, кайталангыс образдарды жараткан гениалдуу актёр Азиз Мурадилаев 2022-жылдын 17-декабрында узакка созулган оорудан улам 44 жашында дүйнөдөн өттү...

Азиз Мурадилаев 1978-жылы 12-июнда Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген. Атасы актер Үсөн Мурадилаев, апасы КР эмгек сиңирген артисти Анара Сыдыгалиева өмүр бою театр маданиятына кызмат кылган адамдар болгондуктан, Азиз Мурадилаев да ата-энесинин жолун жолдоп, 1994-жылы Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайга тапшырган. Окуусун 1997-жылы ийгиликтүү аяктары менен  ошол эле жылы Москва шаарындагы М.С.Щепкин (ВУЗ) атындагы театралдык окуу жайына тапшырган. 

2001-жылы окуусун ийгиликтүү аяктап келип, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрына артист катары кызматка кирип, ошол күндөн ушул күнгө чейин үзүрлүү эмгектенип келген. Театрдын астанасын аттаары менен Мурадилаев буга чейин театр корифейлери, КР эл артисттери Мукамбет Токтобаев, Замир Сооронбаевдер образ жаратып келген айтылуу Ж.Садыковдун “Манастын уулу Семетей” спектаклиндеги Семетейдин образын жаратып, дээрлик 10 жылдан ашуун театр күйөрмандарынын арзуусуна айланып келген. Кийин Семетейдин образын жаш муунга өткөрүп берип, өзү Ысмайылдын образын чеберчилик менен алып чыккан.

Азиз Мурадилаев кыргыз драматургиясынын эле эмес, дүйнөлүк классикалык чыгармаларда да мыкты образдарды жаратып келген. Алсак Ж.Б.Мольердин «Анткор оорулуу» спектаклинде Беральддын, Юджин О’Нилдин «Дарак түбүндөгү махабат» спектаклинде Эбиндин, У.Шекспирдин “Макбет” спектаклинде Дункандын,  М.Булгаков «Зоянын квартирасы» спектаклинде жигиттин, А.Несиндин “Торостук зөөкүр” спектаклинде Нури Сянердин жана башка көптөгөн спектаклдерде образ жараткан. 

Мындан сырткары акыркы жылдары театрдын репертуарындагы К.Иманалиевдин “Керээз” спектаклинде Алымбек Датканын,      Б.Чотурованын “Рамаяна” спектаклинде Кришнанын, Ч.Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” спектаклиндеги Сабитжандын, Т.Абдумомуновдун “Абийир кечирбейт” спектаклиндеги Омордун, М.Ауэзовдун “Эңлик-Кебек” спектаклинде Кеңгирбайдын, Ж.Садыковдун “Төлгө” спектаклинде Ысмайылды алып чыккан. 

Азиз Мурадилаев оору менен алышып жаткан учурда да театрды таштаган жок. Ал өмүрүнүн акыркы көз ирмемдерине чейин театрдын сахнасынан түшкөн жок. Театр эле эмес, кинодо да кайталангыс образдарды жараткан. Алардын эң этаптуусу Садык-Шер-Нияз режиссерлук кылган “Курманжан Датка” фильминдеги Алымбек Датканын образы болуп калды. Бул образ актерго  “Кыргыздын даткасы” титулун берди десек да жаңылышпайбыз. Мындан сырткары  «Чиркин өмүр» сериалында Эркиндин, «Апамдын махабаты» сериалында Бакыттын, «Кара кыз» тасмасында Темирдин, “Президент жана бомж”, “Президент жана бомж 2” тасмаларында Күйөө баласынын ролун аткарган. 

Анын көп жылдык эмгеги баалынып, 2011-жылы КР Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты болуп,  Алтын Диплом менен сыйланган, 2015-жылы Эркектин образын мыкты жараткандыгы үчүн “Ак Илбирс” Улуттук кино сыйлыгына ээ болгон. 2018-жылы “Кыргыз Республикасынын эмгек синирген артисти” деген ардактуу наам ыйгарылган. 

Театр жамааты кесиптешибиз Азиз Мурадилаевдин үй-бүлөсүнө, ага-туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Кыргыз Драм театрынын жалпы жамааты

Последние новости