www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израилдик изилдөөчүлөр электрокардиография (ЭКГ) тесттерин анализдеп, жүрөктүн жетишсиздигин болуп көрбөгөндөй тактык менен алдын ала айтууга жөндөмдүү жасалма интеллект куралын иштеп чыгышты. Бул тууралуу "Times of Israel" басылмасы жазып чыкты.

Белгиленгендей, технология учурда миозит (скелет булчуңдарынын сезгенүүсү) менен ооруган бейтаптарда колдонулуп жатат. AI модели 2000-жылдан 2020-жылга чейин миозит менен ооруган 89 бейтаптын ЭКГ сканерлөөсүнөн жана медициналык жазууларынан алынган маалыматтарды изилдеген. Ал ЭКГдагы тымызын белгилерди түшүнүп, мүмкүн болгон жүрөк жетишсиздигин алдын ала айта алат. Рамбам ооруканасынын (Израиль) кызматкери доктор Шахар Шелли бул аппараттын бейтаптар үчүн жасалган биринчи жасалма интеллект экенин айтты.

«Биз жасалма интеллект модели аркылуу ЭКГ тесттерин өткөрүп жатабыз. Ал дарыгерлер адатта кыла албаган чоо-жайды көрөт жана кимде жүрөк оорусуна чалдыгуу коркунучу бар экенин алдын ала айтууга болот. Жүрөктүн иштешинин бузулушу көбүнчө өлүмгө себеп болорун эске алсак, бул адам өмүрүн сактап калышы мүмкүн”», - дейт доктор Шелли.

Белгилей кетсек, бул моделде жасалма интеллектти колдонуу ооруну баштапкы этапта аныктоого жана бейтаптардын медициналык абалы начарлаганга чейин тийиштүү дарылоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Маалымат үчүн, бул изилдөө учурунда доктор Шелли жана анын командасы Кошмо Штаттардагы кадыр-барктуу Mayo Clinic медициналык борборунун кардиология бөлүмүнүн изилдөөчүлөрү менен кызматташкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости